Кыргызстанга күн сайын бензин агып келип турган түтүк окуясынын уландысы

Финпол өкмөттүн мунай заттарды бензовоз менен ташып келүүгө тыюу салган токтомун ишке ашыруу максатында тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы Кең-Булуң айылындагы күн сайын Казакстандан Кыргызстанга 100 тонна бензин агып келип турган түтүк окуясынын уландысын айтып берди.

Үч чакырымга созулган бул түтүк кечээ жакында табылган. Ошондой эле күйүүчү майды тосуп алып, топтоочу жана аны куйган идиштерди сактоочу жай табылганы маалымдалган.

32 тонна бензин ташып бараткан фура оодарылып, жолду тосуп калды. Видео
Финполдун маалыматына караганда, Токмоктогу Пионер, Полевая жана Октябрь көчөлөрүндөгү үч точка тинтүүгө алынган. Натыйжада короодон сактоо жана ташуу үчүн цистерна, электр насостору, шланг жана башка керектүү жабдыктар табылган.

Мындан сырткары, көрсөтүлгөн точкалардын биринен чөп жүктөлгөн жүк ташуучу унаа табылган. Бирок дыкат текшерүүдөн кийин чөптүн артынан цистерна табылган.

Финполдон билдиришкендей, мындай иш-чаралар өкмөт мунай заттарды бензовоз менен ташып келүүгө тыюу салганына байланыштуу жүргүзүлүп жатат.