Баткендеги прокуратура кызматкерлери үйлүү болду. Сүрөт

Жалпысынан Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттен 43 милион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери былтыр башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Баткен облусунда прокуратура кызматкерлерине батирлер берилди. Бул туурасында аталган аймактын көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов облустун Баткен шаарындагы кызматкерлерине үч кабаттуу үйдөгү 24 батирдин ачкычын тапшырганы айтылган.

Жалал-Абаддын прокуратурасы жаңы имараттуу болду. Сүрөттөр
Ошондой эле Сүлүктү шаарындагы кызматкерлерге үч бөлмөлүү бир батир жана эки бөлмөлүү эки батир колдонууга берилген. Ал эми Лейлек районундагы көзөмөл органында иштеген беш үй-бүлө эки кабаттуу тамга жайгашкан.

Жалпысынан Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынган турак жайларга республикалык бюджеттен 43 милион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери былтыр башталган.