BMW X7 катуу бараткан. Абжалиевдин уулу аралашкан кырсык боюнча жыйынтык чыкты

Төрт адам каза болгон жол кырсыгы боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгы төрт айдан кийин чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсыгы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде депутаттын уулу Темирлан Токобеков жана дагы эки киши бараткан.

"Автотехникалык экспертиза жол кырсыктын келип чыгышына BMW X7 унаасынын катуу ылдамдык менен баратканы себеп болгонун аныктады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында BMW X7 унаасынын айдоочусу Элдияр Халмурзаев убактылуу кармоочу жайга 13-октябрда 48 саатка камалган. Андан соң, эки күндөн кийин Каракол шаардык сотунда айдоочунун баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылды", — деди Усубакунов.

Кырсык тууралуу

Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу
Окуя Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында болгон. Милициянын билдиргенине караганда, BMW Бостери тараптан Чолпон-Атаны көздөй келе жатып, артка бурулууга белсенген Lexus машинасын капталга сүзгөн. Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып көз жумган.

Ал эми BMW унаасындагы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу жаракат алган.