БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытайдын Далянь шаарынын тургуну 35 жаштагы Сюй Шинань сүйүктүүсү Ян Люнун тажыясында ага үйлөнүү салтанатын өткөрдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Шинань менен Лю 2007-жылы эле таанышып, бири-бирине ашык болуп калышкан. Алар университетте окушканы менен көпкө дейре интернет аркылуу жазышып жүрүшкөн. 2013-жылы августта жубайлар никесин расмий каттатып, үйлөнүү тойго кам көрө башташкан.
Кайгыга муунган Шинань сүйүктүүсү аны акыркы күндөрү тааныбай калгандыктан өлөр алдында жакшы коштошо албаганын айтып, арман кылган. Аялынын өлүмүнөн кийин сүйүктүүсү ооруканага түшөр алдында интернеттен үлпөт көйнөгүн издегенин билген. Ал ага эң кооз көйнөктү сатып берүүгө сөз берген. Аялы каза болгондун эртеси ага баш кошууну чечкен.
Көйнөк саткан дүкөндүн ээси Шинандын башынан өткөндөргө абдан таасирленип, каалаган үлпөт көйнөктү бир юанга сатарын айткан.
Люнун тажыясы болгон күнү Шинань ага баш кошуп, сүйүктүүсүнүн кыялын орундатканын билдирген. Шинань аялына анын сөөгүнүн алдында ыйлабоого сөз берген, бирок сөөгүн алып чыгып бараткан учурда жашын тыя алган эмес.