Кыргызстандын футболчулары FIFA рейтингинде үч тепкич көтөрүлдү

Кыргызстандын футболчулары бул айда мурдагыдан 15 упай көбүрөөк алып, жалпысынан 1 252 упай топтой алды. Буга чейин команда былтыркы жылдын апрель айында эң жогорку көрсөткүчкө (75-орун) жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде үч позицияга көтөрүлүп, 94-орунга чыкты. Аталган рейтинг бүгүн, 24-октябрда, жаңыланды.

Кыргызстан-Өзбекстан футболчулары беттешет. Орду, убактысы
Белгилей кетсек, бул айда кыргызстандык футболчулар 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында эки ирет жеңишке жетти.

Ата мекендик команда Бишкекте өткөн оюнда Мьянма командасын 7:0 эсебинде утуп, андан соң Улан-Батордо монголиялык атаандаштарын 2:1 менен артта калтырган.

Кыргызстандын футболчулары бул айда мурдагыдан 15 упай көбүрөөк алып, жалпысынан 1 252 упай топтой алды.

Буга чейин команда былтыркы жылдын апрель айында эң жогорку көрсөткүчкө (75-орун) жеткен.