Дубайдагы ири көргөзмөдө Кыргызстанга эки кабаттуу павильон бөлүндү

Павильондун биринчи кабаты 200 чарчы метрди ээлеп, ага көргөзмө стенддер жайгашмакчы. Экинчи кабаты эки тараптуу жолугушууларды өткөрчү кеңсе болот.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дубайдагы ири көргөзмөдө Кыргызстан үчүн эки кабаттуу павильон бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Павильон курулуп жаткан "Дубай ЭКСПО-2020" аймагынын аянты 4,38 гектар жерди түзөт.

Кыргызстанга берилген павильондун биринчи кабаты 200 чарчы метрди ээлеп, ага көргөзмө стенддер жайгашат. Экинчи кабаты эки тараптуу жолугушууларды өткөрчү кеңсе болот.

Эл аралык катышуучулар департаментинин башчысы Андре Доурадо көргөзмө биринчи ирет Жакынкы чыгыш өлкөлөрүндө өтө турганын билдирген.

"Бул иш-чараны көрүү үчүн дүйнө жүзүнөн миллиондогон адам келет. Алар ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын маданияты, каада-салты, тарыхы, экономикасы жана жетишкендиктери менен тааныша алат", — деди Андре Доурадо.

Бишкекте айыл чарба азыктарынын ири жарманкеси өтөт
Иш-чара ушул жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин уланат. Ал Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Азия аймагындагы араб өлкөсүндө биринчи жолу өтө турган бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болмокчу. Анын аймагы 25 миллион адамга ылайыкталган. Иш-чарага 180 өлкө катышаары күтүлүүдө.

Көргөзмөгө келгендер илимий-техникалык инновациялар, экономикалык жана укуктук өзгөрүүлөр, адам ресурстарын өнүктүрүү жана социалдык өнүгүү сындуу түрдүү багыттарга күбө болушат.