Кыргызстанда теракт жасоого камынышкан. Качып кеткен шектүү кармалды

2019-жылдын 19-октябрында Оштун соту М.А. аттуу жаранды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда төрөлгөн 39 жаштагы М.А. аттуу эл аралык террордук уюмдун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кыргызстанда теракт жасоого камынышкан. Качып кеткен шектүү кармалды

Билдирмеге караганда, колго түшкөн жаран 2011-жылдан бери террордук акт боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн. Ал мүчө болгон уюм Кыргызстандын аймагында теракт жасоого камынган.

"2011-жылдын октябрында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош облусунда эл аралык террордук уюмдун башчысы жок кылынып, топтун башка мүчөлөрү кармалган. Бирок М.А. качып кетүүгө үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын 19-октябрында Оштун соту М.А. аттуу жаранды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.