Бишкектеги "Ак кула" ат майданы кантип жаңыланат? Эскиз

Быйыл жайында жарыяланган ачык конкурска жалпысынан төрт иш келип түшкөн. Анын жыйынтыгында бир нече архитекторлордун биргелешип жасаган эмгеги жеңүүчү деп табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ак кула" ат майданын реконструкциялоо боюнча жарыяланган конкурс жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектеги "Ак кула" ат майданы кантип жаңыланат? Эскиз

Ага ылайык, А. Абраимовдун жана архитекторлор - К. Исраилов, Д. Исенбаев, Т. Момуналиев, С. Шаршенбаев, Б. Сулайманов иштеп чыккан долбоору жеңүүчү болду.

Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы
Быйыл жайында жарыяланган ачык конкурска жалпысынан төрт иш келип түшкөн.

Бишкек мэриясы ипподромдун 50,9 гектар жерин кайтаруу боюнча сотту утуп алган. Жакында эле дагы кошумча 3,2 гектар жерди кайтаруу боюнча сот оңунан чыккан. Учурда аталган жерди шаардын балансына берүү боюнча процесс жүрүүдө.