БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы көп балалуу үй-бүлөнүн 182 сом карызы үчүн электр жарыгын өчүрүп салышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармакка жарыяланып, "Түндүк электр" ишканасы аталган фактыны тастыктады.
Интернетке тараган видеодон жети балалуу аял менен чоң энесинин үйүндөгү жарыкты өчүрүп кетишкени тууралуу айтып жатканын угууга болот.
"Чынында эле абоненттин карызы болгондуктан жарыгы өчүрүлгөн. 20-сентябрда алар 500 сом төлөп, дагы 173 сому калган. "Түндүк электр" 173 сом карызды төлөөгө бир ай убакыт берди, бирок акча түшкөн жок. Бүгүнкү күндө абоненттин карызы 718 сомду түздү. Ишкана менен керектөөчүнүн ортосундагы келишим боюнча карызы бар абоненттин жарыгы өчүрүлөт", — деди ишканадан.
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери белгилешкендей, бүгүнкү күндө үй-бүлөгө жарык берилди.
"Эгер абонент карызды төлөй турганын убадалап, убакыт-саатын көрсөткөн кат менен кайрылса, жарык берилет", — деп компаниядан билдиришти.
Бул арада депутаттардын тиешеси бар ишканалардын миллиондогон карызын кечүү сунушталды. Иликтөөнү Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.