Саякаттай турган эң мыкты жерлер аталды. Ага Кыргызстан да кирди

Рейтинг 10 өлкө, 10 шаар жана эң пайдалуу 10 сунуш деген төрт категорияга бөлүнгөн. Арасында тоолуу аймактар, жанар тоолуу аралдар бар.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Lonely Planet деп аталган белгилүү эл аралык басылма 2020-жылы саякаттоого эң ыңгайлуу деп аталган жерлердин тизмесин берди. Анын арасында Кыргызстан да бар.

Рейтинг 10 өлкө, 10 шаар жана эң пайдалуу 10 сунуш деген төрт категорияга бөлүнгөн.

Тизмеге кирген багыттар басылманын эксперттери тарабынан үч негизде аныкталган. Анда эл арасында кызыктуу болгону, эстен кеткис таасири жана бир көргөндө эле көз талдырган сулуулугу каралган.

Аймактар категориясында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу өткөн Улуу Жибек Жолундагы аймактар биринчи орунга чыккан.

The Guardian туристтер үчүн түзгөн тизмесине Кыргызстанды да киргизди
Lonely Planet бул кыйырлар туристтер арасында кызыгууну жаратып, Улуу Жибек Жолу өткөн жерлерге электрондук виза менен, эгерде иш оңунан чыгып калса, такыр эле визасыз кирүүгө болорун белгилеген.

Экинчи орунга Италиянын Марке деп аталган административдик аймагы чыккан. Үчүнчү орунга Япониядагы Хонсю аралындагы Тохоку аймагы кирген.

Ондуктун тизмесине Мэн штаты (АКШ), Австралиядагы Лонд-Хау деп аталган жанар тоо аралы, Кытайдагы Гуйчжоу деп аталган тоодо жайгашкан провинциясы, Испаниядагы Кадис провинциясы, Аргентинанын түндүк-чыгыш бөлүгү, Хорватиядагы Кварнер булуңу, Бразилиядагы Амазонка аймагы кирген.

Өлкөлөр боюнча категориянын башына Бутан Королдугу чыкты. Ал эми шаарлар боюнча лидерликти Зальцбург (Австрия) бербей келе жатат. Саякаттоого эң ыңгайлуу деп Индонезиядагы Чыгыш Нуса-Тенгара провинциясы аталган. Ал Кичи Зонд аралдары архипелагына кирет.

Былтыр Lonely Planet Кыргызстанды 2019-жылы саякаттоого эң мыкты 10 өлкөнүн катарына киргизген.