Депутаттар өздөрү жазган аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзамды колдогон жок. Тизме

Сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу мыйзамын 40 депутат демилгелеген, бирок добуш берүүгө келгенде кайра өздөрү эле каршы чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 82 депутаты Кыргызстандагы сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салыш керек деген мыйзамды колдобой койду.

Мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунда каралды. Демилгечи 40 депутат болуп чыкты. Жыйынга 109 депутат катышса, 27си колдоп, 82си каршы чыкты. 

Мыйзам 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аймагында тоо кийиктерге — аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Талкуу учурунда депутат Марлен Маматалиев жапайы жаныбарларды атууга берилген лицензиянын баасын кымбаттаткан оңдуу болорун белгилеген. Мындан сырткары, бир катар эл өкүлдөрү браконьерлик көйгөйүн аңчылыкка тыюу салбай туруп эле чечүүгө болорун айтып чыгышты.

"Бул мыйзамды кабыл алууга эртелик кылат", — деген депутат Мирлан Бакиров.

Парламентарийлер, мындан сырткары, ак илбирстер менен жапайы жаныбарлардын саны азайып бара жатканын, браконьерлик фактыларына тиешелүү чараларды көрүү маселелерин көтөрүшкөн.

Депутаттар өздөрү жазган аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзамды колдогон жок. Тизме

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин орун басары Элдияр Шерипов соңку төрт жылда ак илбирстердин саны 350дөн 400гө чейин өскөнүн билдирди.

Өкмөт аңчылыкка тыюу салган мыйзам долбооруна каршы чыкты
Ал эми эл өкүлү Жанар Акаев аңчылыкка тыюу салуу экономикага сокку урат деген cөз жомок деп сыпаттап, Кыргызстанга чет элдиктер курал эмес, фотоаппарат көтөрүп келиши керектигин белгиледи. Кесиптеши Зиядин Жамалдинов да экотуризмди өнүктүрүү маалы келгенин айтып, мыйзамды колдоого чакырды.

Аягында төрага Дастан Жумабеков мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагууну добушка койду. Натыйжада 109 эл өкүлүнүн 82си сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салууну каалаган жок. Жогорку Кеңештин сайтында добуш берген депутаттардын тизмеси жарыяланды, андан өзү жазган мыйзамга каршы чыккандарды көрүүгө болот.

Бул мыйзам долбооруна өкмөт дагы каршылыгын билдирген.

Сейрек кездешкен бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу демилгесин көтөргөндөр:

  • Экмат Байпакбаев;
  • Эмиль Токтошев;
  • Жанар Акаев;
  • Гүлшат Асылбаева;
  • Пархат Тулендыбаев;
  • Аида Исмаилова;
  • Кожобек Рыспаев;
  • Дастан Бекешев;
  • Искендер Гаипкулов;
  • Абдумажит Юсуров;
  • Абдыкапар Султанов;
  • Калдарбек Баймуратов;
  • Мирлан Жеенчороев;
  • Алиярбек Абжалиев;
  • Талант Мамытов;
  • Улан Примов;
  • Айсулуу Мамашова;
  • Салайдин Айдаров;
  • Бакирдин Субанбеков;
  • Махабат Мавлянова;
  • Абылкайыр Узакбаев;
  • Закир Шарапов;
  • Курманкул Зулушев;
  • Эрмамат Тагаев;
  • Сайдулла Нышанов;
  • Сайдолимжон Джураев;
  • Айнура Осмонова;
  • Абдувахаб Нурбаев;
  • Айбек Алтынбеков;
  • Евгения Строкова;
  • Камчыбек Жолдошбаев;
  • Динара Исаева;
  • Абдыбек Дюшалиев,
  • Музаффар Исаков;
  • Мурадыл Мадеминов;
  • Нурбек Тотонов;
  • Бакыт Турусбеков;
  • Зияддин Жамалдинов
  • Дүйшөн Төрөкулов;
  • Наталья Никитенко;
  • Каныбек Иманалиев.