Англияда 39 кишинин өлүгү салынган фура табылды. Видео

Каза болгондор туурасында азыр так маалымат жок. Полиция текшерип, фуранын ичинде 38 чоң киши жана бир өспүрүмдүн сөөгү бар экенин аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Англиядагы Эссекс графтыгында ичинде 39 сөөк салынган жүк ташуучу автоунаа табылды. Бул тууралуу BBC жазды.

​Фура Грейс шаарчасынын өнөр жай аймагында токтотулуп турган жерде көзгө урунган. Полициянын аталган жайга түн жарымында келгени айтылды. Автокөлүктүн 25 жаштагы айдоочусу, ирландиялык киши адам өлтүрүүгө шектелип, камакка алынган.

Жөө киши жүрүп келе жаткан фураны токтотууга аракет кылып, алдында калган видео
Каза болгондор туурасында азыр так маалымат жок. Полиция текшерип, фуранын ичинде 38 чоң киши жана бир өспүрүмдүн сөөгү бар экенин аныктаган.

Полициянын жергиликтүү департаментинин офицери Эндрю Маринер өлгөндөрдүн аты-жөнүн жана кайдан экендигин тактоо бир топ убакытты аларын айтты.

Фуранын Болгариядан Улуу Британияга жекшемби күнү киргени анык болду.

"Айдоочуну кишинин өлүмүнө шектүү катары камадык, учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат", — деп айтты Маринер.

Өлүктөр табылган жер курчоого алынганы маалымдалды.

Эмне болушу мүмкүн?

"Адам сатуу – акмакчылык жана кооптуу бизнес", — деп жазган Twitter баракчасына парламенттеги Эссекстин Таррок аймагынан шайланган өкүлү Жеки Дойл-Прайс. Ал ушунча адамдын өмүрүн алгандар табылып, сот жообуна тартыларына ишеним арткан.

Полиция азыр адамдардын өлүмүнө эмне себеп болгондугун так айта элек.

Улуу Британиянын Ички иштер министрлигинин жетекчиси Прити Патель бул трагедия аны шок кылгандыгын билдирген.