Радио

Касаболотов: өкмөт медицинанын бюджетин кыскартса мыйзамды бузат

Юрист Бекболот Касаболотов саламаттык сактоо тармагын каржылоо мамлекеттин башкы милдети экенин айтты.
Sputnik
Касаболотов: өкмөт медицинанын бюджетин кыскартса мыйзамды бузат

Мамлекет өкмөттүн токтому менен медициналык-санитардык жактан жардам берүү милдетин кабыл алган. Бул тууралуу Бекболот Касаболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тармактагы кыйынчылыктар элдин нааразычылыгын жаратат.

"Алар митингге чыгабыз деген да ойлорун айтышты. Бул мамлекетке чоң сигнал болушу керек. 2020-жылы бюджет кыскартылса, бир топ маселе калкып чыгат. Эгер ушундай чечим кабыл алынса, мамлекет өзүнүн милдетинен баш тарткан болуп калат. "Бюджеттик адвокация үчүн" коалициясынын мүчөлөрүнүн айтымына таянсак, эң биринчи кезекте адамдардын ден соолугун ойлоо керек. Ооба, бул туура. Себеби саламаттыкка көңүл бурбасак, анда билим берүү, экономика тармагындагы иштерди аткаруу кереги деле жок болуп калат. Биз маселени чечүү жолдорун сунуш кылдык. Укук коргоо органдары социалдык төлөмдөрдү төлөбөйт жана бекер медициналык жардам алышат. Муну жокко чыгаруу керек. Андан сырткары, мамлекеттик органдардагы айрым кызматкерлерди кыскартып, анын акчасын саламаттыкка жумшоо зарыл", — деди Касаболотов.

Ал министрлик жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дары-дармекти тендер аркылуу сатып алууларда үнөмдөлгөн акчаны кайра эле ошол тармакка жумшоону сунуштады.