БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Эсепти семичкедей чаккан 12 жаштагы кыргызстандык Арсен Рахымбеков Россиядагы "Удивительные люди" шоусуна катышкан. Ал беш орундуу сандарды көбөйтүп жана башка татаал эсептерди заматта чыгарып, элдин оозун ачырган.
Өкмөт башчы Рахымбековду математика жана менталдык арифметиканы өздөштүрүү менен чоң жетишкендиктерге жеткени, олимпиадаларга ийгиликтүү катышып жатканы менен куттуктады.
"Өспүрүм кезиңде эле көптөргө таанылып, алардын жогорку баасына татыдың. Өспүрүмдөргө эмгекти сүйүү жана тырышчаактык, билим алуу жана жаңы ийгиликтерди багынтуу жагынан үлгү боло алдың", — деди Абылгазиев.
Премьер-министр Арсендин ийгиликтерге жетишине салым кошкон апасына жана устатына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эстелик үчүн атайын белек тапшырды.