Смартфонду пайдаланууда көздү кантип коргош керектигин дарыгер айтып берди

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун божомолуна караганда, 30 жылдан кийин смартфондордун айынан жер жүзүндөгү адамдардын жарымынын көзү алысты жакшы көрө албай калат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Россиялык врач-офтальмолог жана медицина илимдеринин кандидаты Татьяна Павлова гаджеттерди колдонууда көздүн көрүүсүн бузуп албоонун жолдорун айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун божомолуна караганда, 30 жылдан кийин смартфондордун айынан жер жүзүндөгү адамдардын жарымынын көзү алысты жакшы көрө албай калат.

"Ушул убакка чейин телефонду бир күндө канча саат тиктеп отурууга болот деген так эреже чыга элек.  Бардыгы көздүн абалына жараша болот. Биздин оюбузча, көрүүнүн бузулушуна экранды өтө жакын аралыкта кармоо жана жатып алып кароо себеп болот.  Смартфонду тиктей берип көздүн жакынды көрүүгө жардам берген булчуңдарын чарчатып салабыз", — деди Павлова.

Үй тазалоочу каражаттар өпкө илдеттерин пайда кылышы мүмкүн. Иликтөө
Мындан тышкары, экрандан чыгып турган көк жарык көздүн чел кабыгын жабыркатуучу макулодистрофия илдетин пайда кылары айтылды.

Дарыгер ошондой эле уктап жаткан маалда телефонду алысыраак коюуну сунуштайт.  Эгер жумуш смартфон менен байланыштуу болсо, маал-маалы менен көздү эс алдырып алысты карап коюу керектиги кошумчаланды.