Фитнес менен машыгып арыктаган пенсионер Instagram жылдызы болду

Жоандын Instagram баракчасына учурда 85 миңден ашык киши катталган. Алардын басымдуу бөлүгү пенсияга чыгуу алдындагы эркектер.
Sputnik

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Американын 73 жаштагы тургуну Жоан МакДональд фитнес менен машыгып, Instagram жылдызына айланды.

Ал пенсияга чыккандан кийин спорт менен алектене баштаган. Кызы менен күйөө баласы ага Instagram тармагынан баракча ачып берген. Жоан спорттогу жетишкендиктерин, залда машыгып жаткан сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялап турат. Жетимиштен өтсө да тез эле iPhone телефонун колдонгонду үйрөнүп алган.

Ал машыга баштагандан бери 25 килограмм арыктап, кан басымын жөнгө салган дарыларды ичпей калган. Жоандын Instagram баракчасында учурда 85 миңден ашык катталуучу бар. Алардын басымдуу бөлүгү пенсияга чыгуу алдындагы эркектер.

Instagram баракчасына жарыяланган сүрөт, видеолордон Жоандын штанга көтөрүп, турникке асылып жана башка көнүгүүлөрдү жасап жатканын көрүүгө болот.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.