"Электр станциялары" ишканасынын жетекчи орун басары дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Жөөтуманов кызматка ушул жылдын 13-сентябрында дайындалган. Ишканадан анын өлүмүнүн болжолдуу себебин айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдингдин" маалымат кызматынан билдиришти.

Жөөтуманов 39 жашта болчу, артында төрт баласы калды. "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, анын өлүмүнүн болжолдуу себеби — жүрөк оорусу (кандын уюшу менен байланыштуу).

Бишкекте майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу Егор Паньшиндин сөөгү табылды
Жөөтуманов капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлоо маселелери боюнча орун басарлык кызматка ушул жылдын 13-сентябрынан бери иштеп келе жаткан.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында "Электр станциялары" ишканасынын директору Аскар Эшимбеков дагы көз жумган. Анын өлүмүнө дарыгерлер күнөөлүү экенин маркумдун жубайы Фатима Эшимбекова айтып чыккан.

Соңку маалыматтар боюнча, Саламаттык сактоо министрлиги ички иликтөө иштерин жүргүзүп, Эшимбековдун өлүмүнүн себебин аныктай албай койгон. Маркумдун ордуна Таалайбек Толубаев дайындалган.