Бишкекте жөө адамды унаа коюп каза тапты

Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен-кетпегени такталып жатат. Укук коргоо органдары жеринде иш алып барууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкекте унаа коюп кеткен эркек киши каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчи орун басары дүйнөдөн мезгилсиз кайтты
Анын айтымында, кырсык бүгүн, 21-октябрда, болжол менен саат 15:50лөр чамасында Лев Толстой менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуянын кесепетинен 40-45 жаштагы эркек киши көз жумган.

Шаардык жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдиришти. Учурда унаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен-кетпегени такталып жатат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.