Францияда эгиз байбичелер 100 жашын белгилешти

Байбичелер узак жашоонун сыры жөнөкөй экенин айтышат. Алар ичимдиктен баш тартып, күнүнө бир аш кашык тамак-аш содасын ичип, жакындары менен көңүлдүү убакыт өткөрүшөт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Франциянын тургундары Мари менен Женевьева кылым жашап, 100 жашын бирге тосушту. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Кечке отуруунун, аз кыймылдоонун ден соолукка кандай бычак экени айтылды
Байбичелер узак жашоонун сыры жөнөкөй экенин айтышат. Алар ичимдиктен баш тартып, күнүнө бир аш кашык тамак-аш содасын ичип, жакындары менен көңүлдүү убакыт өткөрүшөт.

Женевьеванын төрт баласы, 16 небереси, ал эми Маринин небереси жана үч кыбырасы бар.

Мари менен Женевьева 2016-жылдан тарта карылар үйүндө чогуу жашоону чечишкен.