Бишкекте айыл чарба азыктарынын ири жарманкеси өтөт

Жарманкеде бал, эт азыктары, мөмө-жемиштер, улуттук тамак-аштар шаардыктар менен коноктордун назарына коюлат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 26-27-октябрда Бишкекте жыл сайын болуучу жарманке-көргөзмө өтөт. Анда алармандардын назарына таза азыктар сатыкка коюлат.

Бишкекте айыл чарба продукциясынын жарманкеси кайрадан жанданат
Жарманке Медеров көчөсүндөгү Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы аянтта уюштурулат. Анда бал, Нарын менен Таластын эт азыктары, мөмө-жемиштер болот. Ошондой эле  улуттук суусундуктар жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөгү тоскоолдуктар боюнча талкуулар да уюштурулат. Балдар үчүн мастер-класстар болуп, элдик чыгармачылык топтор өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Толук маалыматты (0550) 21-55-11, (0709) 28-83-39 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.