БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. АКШнын Каньон шаарында жашгылт түстүү күчүк туулгандыгын KRDO телеканалы билдирген.
Телеканал күчүктүн башкалар менен ойноп жаткан видеосунан үзүндү көрсөткөн.
Үч жаштагы иттин кожойкеси — Кэдди Уильямс сегиз күчүк туулганын, алардын ичинен бирөө башкача түстө экендигин караңгыда капыстан байкагандыгын айтып берген.
Кэдди Уильямс күчүктүн мындай өңдө туулушуна энесинин курсагында жатканда өттөн чыккан жашыл зил себепчи болуп, терисине таасирин тийгизиши мүмкүн деген.
Телеканал бул түс акырындык менен жоголуп кете тургандыгын айткан.