Жоголуп кеткен бишкектик ишкердин сөөгү табылып, шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Адам уурдоо" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Шаардык милиция менен Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери өтө мыкаачылык менен киши өлтүрдү деген шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

5-октябрда Бишкек шаарынын тургуну И.З. милицияга кайрылып, 1981-жылы туулган Хуфур Абдурахеман аттуу бир тууганы 4-октябрда "Мадина" базарынан машинасы менен чыгып кеткен бойдон дайыны жок экенин айткан. 

Жоголуп кеткен бишкектик ишкердин сөөгү табылып, шектүүлөр кармалды. Сүрөт

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Адам уурдоо" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Кеминде кызды зордуктайм деп өлтүрүп салган. Шектүү кармалды
Ыкчам издөө аракеттеринин жыйынтыгында 18-октябрда адам өлтүрүүгө шектелген төрт киши кармалды. Алардын үчөө Кыргызстанда туулган болсо, бирөө Казакстанда төрөлгөн. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Издөө иштеринин алкагында "Сосновка" көзөмөл өткөрүү пунктунан мурда уурдалган BMW Х5 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Андан аркы текшерүүнүн жыйынтыгында мурда жоголгон Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор айылында тоого бараткан жолдон 150 метр ары жакта жерге көмүлгөнү белгилүү болгон.

Учурда бардык экспертизалар дайындалып, кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Шектүүлөрдүн тизмеси:
1964-жылкы К.Э., Нарында төрөлгөн;
1990-жылкы Ш.У., Бишкекте төрөлгөн;
1990-жылкы Б.К., Ысык-Көлдө төрөлгөн;
1986-жылкы Д.В., Казакстанда төрөлгөн.