БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сириядагы согушту токтотуу боюнча макулдашуу болгонун айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Кечээ расмий Вашингтон эгерде Анкара Сириянын түндүгүнө жасаган чабуулун токтотпосо, АКШ Түркияга карата кошумча санкцияларды салууга даяр экендигин билдирген.
"Түркия YPG (Жогорку күрд кеңешинин куралдуу түзүмү) күчтөрүнө 120 сааттын ичинде коопсуз жайга чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип, чабуулду токтотот. "Тынчтык булагы" планынын алдында өтүп жаткан бардык аскердик операциялар алар чыгып кеткенден кийин токтотулат", — деп билдирген Пенс Fox News телеканалында сүйлөп жатып.
Анын айтымына караганда, АКШ күрд аскерлеринин түзүмдөрүн бул иштерден четтешине өбөлгө түзмөкчү. Вашингтон күрд тараптан Түркиянын чек арасынын жанынан чачырабастан, уюшкандыкта өтүп кете тургандыктары боюнча кепилдик алган.
Вице-президент АКШ Сириянын түндүк-чыгышында аскердик аракеттерди жасабай, дипломатия менен чектелерин айткан.
"Президент биздин аскерлер ал аймакка барбай тургандыгын түшүнүктүү тил менен айткан. Биз согуш жаатындагы кырдаалдарга кирише албайбыз", — деген Пенс.
Аткаминер АКШ Түркияга Сириядан улам кошумча санкция киргизбей тургандыгын билдирген. Трамп Сириядагы согуш отун токтоткондон кийин Трамп Анкарага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды кайра чакырууга даяр экендигин кошумчалаган.
Бир аз убакыт өтпөй, Түркиянын ТИМи Мевлют Чавушоглу Анкара АКШдан "мелжеген нерсесин алгандыгын", күрддөр куралдарын тапшырарын айткан. Ал күрд түзүмдөрүн четке чыгаргандан кийин Түркия Сириядагы согушту токтоткону жөнүндө кеп кыла берсе болот.
9-октябрда Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган.
Бул окуялардын фонунда Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп батыш мамлекеттерин Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун катарында жүргөн согушкер жарандарын алып кетип, аларды өз өлкөсүндө жазалоого чакырды.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп Twitter аккаунтуна сириялык күрддөрдү ким коргоп жатканы ага баары бир экендигин жазганы бар.