Өкмөт Памир кыргыздарына 70 тонна жүк жеткирди. Сүрөттөр

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн өкмөт 5 миллион сом бөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Афганистандын Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн өкмөт 5 миллион сом бөлгөн. Жүктүн жалпы салмагы 70 тоннаны түздү.

Мындан тышкары, барган дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүштү.

"Элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардам берилди", — деп айтылат маалыматта.

Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүү маселеси көтөрүлдү
Ошондой эле Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуулар болуп, балдарга Кыргызстанда билим берүү маселесин талкуулашты.

Экспедициянын мүчөлөрүн Афганистан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана премьер-министрдин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.