БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги журналисттерге Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайын оңдоп-түзөөдөн кийин көрсөттү.
Спорттук курулуштар жана спорттук жабдуу мамлекеттик мекеменин жетекчиси Канат Шабдановдун айтымында, 2018-жылы өткөн Азия чемпионатына чукул спорт сарайдын кире бериши, фойеси, машыгуу залы, коридору, артисттерди гримдеген бөлмө оңдолгон. Ремонтко 989 068 сом жумшалган.
Ошондой эле Спорт агенттиги донорлордун жардамы менен спорт сарайынын ичине музей жана жыйындарды өткөрүү үчүн жаштар борборун ачкан. Ага 4 миллион сом керектелген. Андан тышкары, ишкерлердин жардамы менен спорт ордосунун негизги кире бериши 800 000 сомго жаңыланган.
Ал эми быйыл, 2019-жылы, ремонт иштерине бир катар тендер жүргүзүлгөн. Тагыраагы, концерттик залдын полу оңдолуп, сырдалган. Машыгуу залындагы эски шып темирге алмаштырылып, таэквондонун кичи машыгуу залы иретке келтирилген. Буларга жалпысынан 1 213 652 сом жумшалган.
Мындан тышкары, курулуш компаниялардын биринин жардамы менен концерттик залдагы 2200 орундук алмаштырылып, өрткө каршы жабдуусу бар көшөгө илинген. Ошондой эле фойенин дубалдарынын дизайндык жасалгалоосуна даярдык көрүлгөн.
Ишкерлер желдетүү системаларын калыбына келтирип, имараттын түндүк тарабына беш жарнамалык тактаны орнотору айтылды.
Ошондой эле спорт сарайында жашылдандыруу иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.