Арстан Алай "Мен — Кудаймын" деген сөзү үчүн жоопко тартылышы мүмкүн

Сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында Арстан Алайдын аракеттерине юридикалык баа берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев "Мен — Кудаймын" деп айткан сөзү үчүн жоопко тартылып калышы мүмкүн.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, факты Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") боюнча Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Алган билимди туура колдонгула! Муфтий Египеттеги КР студенттери менен жолукту
Учурда сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында Арстан Алайдын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов коомчулукта Арстанбек Абдылдаевдин "Мен - Кудаймын" деп айткан сөзүнө дин иштери боюнча комиссия эмнеге чара көрбөй жатканын айткан болчу.

Өз кезегинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов бул боюнча аракеттер көрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирген.