Акыйкатчы абактагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды

7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болуп, ал багынып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагына киргизилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу маалында Атамбаев кармалган шартына дооматы жок экенин айткан.

Атамбаевдин жактоочусу кылмыш куугунтугун токтотууну өтүндү. Соттун жообу
13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөө боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8- августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.