БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Борбор калаада өрт өчүрүүчү унаа менен жеңил машина кагышты. Бул туурасында окуянын күбөсү билдирди.
Жол кырсыгы Калинин менен Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөнүн айтымында, куткаруу кызматынын бригадасы Салива көчөсү менен Ауэзовду көздөй бара жатып эки жеңил унаа менен кагышкан.
Тез жардам кызматынын билдиришинче, кырсыктан жеңил машинадагы 33 жаштагы аял жаракат алган. Анын мээси чайкалганы айтылат.
ӨКМ менен ЖКККББ маалыматты тактап жатат.