Шыргалаң суу! Хабибдин эч кимдин оюна келбеген машыгуусу. Видео

Видеонун текстинде спортчунун тоонун шыргалаң суусунда сүзүп жатканы айтылган. Ал эми бул жерди Дагестандагы Кизилюрт (Кызыл журт) деп аталган аймакты белгилешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Дагестандагы тоо дарыяларынын биринде агымга каршы сүзүп, машыгып жаткан видеосу интернет айдыңына тарап кетти.

Бул видеону Kingfarruh деп аталган аккаунттагы посттон көрүүгө болот.

Видеонун текстинде спортчунун тоонун шыргалаң суусунда сүзүп жатканы айтылган. Ал эми бул жерди Дагестандагы Кизилюрт (Кызыл журт) деп аталган шаарды белгилешкен.

Посттун автору "Тони, эми курудуң...", — деген маанайдагы жазууну калтырган.

Нурмагомедовдун аукционунда Порьенин футболкасы 100 миң долларга сатылды
Буга чейин Нурмагомедовдун кезектеги беттеши мушкер Тони Фергюсон менен болорун айтып, бирок буга россиялык спортчунун менеджери башкача жооп берген.

Кийинчерээк UFC уюмунун президенти Нурмагомедовдун атаандашы америкалык Тони Фергюсон болушу керек деген пикирин айткан.

Нурмагомедов буга чейин UFC ичинде чемпиондук титулун эки ирет сактап калган. 31 жаштагы спортчу октагонго 2020-жылдын жазында чыкмакчы.