Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Агасы Манас Алыкулов — шоумен, тамада. Гүлжигит бойдок.
Футбол менен бала чагынан машыгып келет. "Дордой" клубунун тарбиялануучусу. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү. Кыргызстандын Мьянма жана Монголия менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.
Спорттук карьерасы
- 2017-2018 — Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон;
- 2018 — "Кара-Балта" клубунун жогорку лигасында, "Алга" курамында мелдешкен;
- 2019-жылдан тарта Белоруссиянын "Неман" клубунда ойнойт.