Анастасия Заворотнюктун туугандары актрисанын абалы тууралуу үн катты

Заворотнюктун туугандары актриса үчүн кабатыр болуп жаткандарды анын сакайып кетиши үчүн тилек кылууга чакырып, бирок түрдүү маалыматтарды элге жарыялабоону суранды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Актриса Анастасия Заворотнюктун Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө анын абалы тууралуу маалымат жүктөлдү.

Маалымат Заворотнюкту колдоо үчүн ачылган аккаунтка жарыяланган.

12-октябрь күнү Instagram баракчага жаңы сүрөт коюлуп, Петр Чернышев экөөнүн үйлөнгөндүгүнүн 11 жылдыгы белгиленген. Сүрөттүн алдына жакындары менен туугандары каалоолорун, жакшы тилектерин жазган. Кийин интернет колдонуучулар аккаунтту актрисанын туугандары иштетип жатканын билишкен.

"Анастасия учурда чындап эле дарыланып жатат, бирок ал комага түшүп, жасалма аппарат менен дем алган эмес. Мунун баары жалган маалымат. Ал ооруп жатканы чын, эми аны жеңүү негизги максат", — деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Эмчек бези өсүп кеткен кишиге дары саткан компания 8 млрд. доллар төлөмөр болду
Заворотнюктун туугандары актриса үчүн кабатыр болуп жаткандарды анын сакайып кетиши үчүн тилек кылууга чакырып, бирок түрдүү маалыматтарды элге жарыялабоону суранды.

Эске салсак, россиялык актриса жана алып баруучу Анастасия Заворотнюктун ооруп калгандыгы тууралуу август айында билинген. Сентябрда дарыгерлер анын дарты айыккыс экенин айтышкан.

Ал эми 23-сентябрь күнү медиктер актрисаны дарылоону токтотуп, жүрөгүнүн согушун гана көзөмөлдөп жатышканы боюнча маалымат тараган.

Жакында эле Заворотнюктун директору актрисанын өлүмү тууралуу маалыматка жооп берген.