Ирландиялык киши өзүнүн тажыясында ыйлаган элди күлдүрдү. Видео

Ирландиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагери Шей Брэдли 8-октябрда узакка созулган оорудан көз жумган. Анын тажыясы башкалардыкынан айырмаланды.
Sputnik

Ирландиялык Килкенни графтыгында аркы дүйнөгө узап кеткен маркум муңайган элди күлдүргөндүгүн The Daily Mail ресурсу жазды.

Көмүлгөн киши жети сааттан кийин үйүнө келген. Индонезиядагы окуя
Ирландиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагери Шей Брэдли 8-октябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Каза болор алдында ал аудио кайрылуу жаздырып, аны акыркы сапарга узатып жатканда элге угузууну керез кылып калтырган.

Бредли менен коштошуу 12-октябрда болгон. Зыйнат учурунда каккылаган үн угулуп, элге табыттан чыкканга аракет кылып жаткандай элес берет. Андан соң колонкадан муркумдун үнү угулуп баштаган.

"Эй-эй? Мен деги кайда жатам? Ай, мени бул жерден чыгарып койгулачы? Капкараңгы экен! Бул ким? Бул Шейби? Үкөктө жаткан турбаймынбы! Мен ал жакта эмес, алдыңарда турам! Ой, өлүп бара жатам, чыгарып койгулачы?" — деген үн чыгып жатканын угууга болот.

Бул көрүнүштөн кийин азага келгендер, албетте, күлгөнгө аргасыз болгон. Андан соң "коштошуу үчүн силерге чалдым" деп ырдап жатканын угууга болот.

​Шей аны көмүүгө келгендерди тамаша салган учурун ырдап жана түшүнүксүз бир сөздөрдү кобурап айтуу менен аяктаган. Ал вокалдык чеберчилигин элге тартуулаганда күлбөгөн жан калган эмес.

Шей Брэдлинин аркы дүйнөгө кетип жатканда жасаган бул жоругу социалдык тармакка жайылып, көп каралган. Twitter баракчасында муну 330 миң адам караса, Reddit порталында 140 000 лайк басылган.

Видео жазууну Ирландиянын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Facebook тармагындагы баракчасына жарыялаган.