Чет элдик медик-студенттердин мушташына эмне себеп болгону айтылды

ЖОЖ өкүлүнүн айтымында, чыр студенттердин ортосунда чыккан. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, бөлүмгө 30 чет элдик алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эл аралык медицина университетинде билим алган пакистандык студенттердин ортосундагы жаңжал жатаканадагы керебет талашуудан чыккан. Бул тууралуу Sputnik агенттигине аталган окуу жайдан билдиришти.

Эскерте кетсек, Виноградная жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече адамдын мушташып жатканы тууралуу билдирүү милицияга 14-октябрда саат 15.40та түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 30дай студентти бөлүмгө алып келишкен.

"Чыр керебеттен улам чыккан. Жатаканада эки ярустуу жана кадимки керебеттер бар. Ич ара да келишпестик болушу мүмкүн", — дешти окуу жайдан.

Университеттин өкүлү мушташ болбогонун, студенттер көбүнесе бири-бирине кыйкырып, түртүшүп-жөөлөшкөнүн айткан. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.