"Манас" аэропорту 50 кызматкердин иштен алынышы боюнча үн катты

Аба майдан бул жерде кеп кызматтан алуу эмес, Жарандык авиация агенттигинин талаптары менен эл аралык нормаларды сактоо тууралуу сөз болуп жатканын эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын басма сөз кызматы жетекчилик 50 кызматкерди иштен алууну пландап жатат деген маалыматты четке какты.

Учакты сааттап күткөн жүргүнчүгө компенсация төлөнөбү? Юристтин жообу
Буга чейин соцтармакта 50дөй киши иштен алынмакчы болгонун уккандан кийин нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жаткандыктары тууралуу айтылган.

Аэропорт Жарандык авиация агенттигинин койгон талабы жана эл аралык норма боюнча аба майдандын аймагындагы коопсуздук системасы бирдиктүү болушу керек экенин түшүндүрдү. Мындан улам туунду компания болгон "Компания Манас менеджмент" жабык акционердик коомунун кызматкерлери Бишкектеги филиалдын авиациялык коопсуздук кызматына которулмакчы. Маалымат кызматы жумушчулардын айлык акысы жана каралган социалдык жеңилдиктери ошол боюнча сакталарын кошумчалады.