Азербайжандын президенти Кыргызстанга 2020-жылы келет

Президенттер Баку шаарында жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулады.
Sputnik

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Алиев Кыргызстан Азербайжанга боордош өлкө, дос жана өнөктөш экенин баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы байланыштар жылдан жылга бекемдей берерине ишенимин билдирди. Аны менен катар Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын Түрк кеңешинде натыйжалуу төрагалык кылганы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Жээнбеков менен Назарбаев Бакунун аэропортунан жолукту
Ал ТТМККда төрагалык кылууну кабыл алып жатып, кийинки жылы уюмдун ортосундагы өлкөлөрдүн шериктештиги жана өз ара колдоосун бекемдөө менен кызматташтык мамилелердин чыңдалышына бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи.

Жээнбеков Алиевди Кыргызстанга чакырды. Ал өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.