Окуянын видеосу Airport Sheremetyevo YouTube каналына жарыяланды.
Жүргүнчүнүн жаалы келип, буюм-тайымдарды талкалап жерге чачкан тентектиги Шереметьевонун В терминалында болгондугу айтылды. Окуянын каарманы рейске кечигип калгандыктан, көзөмөлдөн өткөрүүчү кызматкерлер перронго киргизбей коюшкан.
Кадрдан анын жаалданып, отургучтарды, тосмо темирлерди тепкилеп, техникаларды столдон алып жерге ыргытып жаткандыгын көрүүгө болот.
Бир нече мүнөттөн кийин жетип келген коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жүргүнчүнү алгач тынчтандырууга аракет кылып, бирок берки кеп-сөзгө келбей койгондо жерге көтөрүп чаап, кармагандыгын көрүүгө болот.
Телеканал Шереметьево аэропортунун администрациясы менен байланышып, жаалданган жүргүнчүнүн кийинки тагдырына кызыккан. Алар учпай калган ал жаран тиешелүү жерге жеткирилип, административдик протокол түзүлөрүн айтып беришкен.