Белгилүү телережиссер Умтул Орозова дүйнө салды

Ал - кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун кызы. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Белгилүү телережиссер жана коомдук ишмер Умтул Орозова 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Белгилүү телережиссер Умтул Орозова дүйнө салды

Умтул Орозова маалымат жана маданият тармагына эмгеги сиңген инсан болгон. Ал кыргыздын тунгуч дирижеру, Кыргыз ССРинин эл артисти Шейше Орозовдун үй-бүлөсүндө 1940-жылы жарык дүйнөгө келген. Москвадагы Анатолий Луначарский атындагы театралдык институттун режиссура факультетин бүтүргөн.

Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты
Эмгек жолун "Комсомольская Правда" газетасынан баштап, Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинде узак жылдар режиссер, башкы режиссер, төраганын орун басары болуп эмгектенген. 1980-1986-жылдары Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү комитетинин төрайымы болуп иштеген. 1989-жылы СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.