"Ак боз ат" да, автору да унутулду... Драма тууралуу кызыктуу 11 факты

Шатман Садыбакасовдун "Ак боз ат" драмасын өз кезегинде сахнага чыкканда көрүүчүлөр жакшы кабыл алганы менен сюжетинин кызыктуулугуна, мекенчилдик идеясынын күчтүүлүгүнө, тилдик байлыгынын көркөмдүүлүгүнө карабай тагдыры тайкы болду.
Sputnik

Өкүнүчтүүсү, сахнага канат-бутагы кыркылып чыгып, театрда көпкө жашабады.

Азыр эми биз "Ак боз атты" да, анын авторун да эстен чыгарып койдук. Бүгүн ошол чыгарма тууралуу 11 фактыны сунуштайбыз.

Драманын башаты. Адатта драмалык чыгарма качан жазылса да ал сахнага коюлбаса, элге белгисиз болуп тура берет. "Ак боз ат" драмасы 1972-жылы Кыргызстандын мамлекеттик академиялык театрында коюлган. Ошол кездеги жаш, таланттуу режиссёр Жалил Абдыкадыров сахналаштырган. Бирок ал мезгилде советтик идеология көркөм чыгармаларга өзгөчө саясий талаптарды коюп, ошол тоталитардык доордун элегинен өткөрүп карачу. Мына ошол электен кийин пьесанын айрым жерлери өтпөй калып, кыскартуулар жана каармандардын ысымын өзгөртүүлөр менен көрүүчүлөргө тартууланып жүргөн.

Тоолук бир жөнөкөй кыргыз аял. "Курманжан датка" романы тууралуу 12 факты
Эл ичиндеги уламыш драмага негиз болгон. Кыргыз элинде узак жылдардан бери Шырдакбектин боз жоргосу тууралуу аңыз айтылып келет. Фольклордук дастан да бар. Анда жоргонун ашкере сымбаттуулугу, адамдарды таң калтырган басыгы, чарчабай-чаалыкпай жүргөн күлүктүгү даңазаланат. Драматург ошол элдик чыгармага кайрылган, бирок ал фольклордук сюжетти туурап калбай өзүнчө жаңы каармандарды, жаңы сюжеттик линияларды ойлоп тапкан.

Чыгарманын идеясы жана темасы. Чыгармадагы окуяларды болжолу Борбор Азияны XVIII кылымдарда ойрот-жунгар (калмак) баскынчылары басып турган убакка туш келет деп айтууга болот, бирок накта тарыхый окуялар, тарыхый инсандар, тарыхый фактылар биринчи орунга чыгарылбайт. Андыктан айрымдар атап жүргөндөй, толук тарыхый драма деп айтууга болбойт. Драмада элди, жерди сырткы душмандардан коргоо, мекенди сүйүү идеясы абдан кылдат иштелген, мекен бул табият, жер, эл гана эмес, күлүк аттар да. Мына ушундай оор учурда эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта болушу керек. Аны үчүн Малике-аярдын, Зулайка эненин, Думанынын образдары эң сонун иштелген. Алар элдин чыныгы өкүлү, калкты күрөшкө көтөрүп чыгат, душманга өтүп кеткен Ак боз ат колго тиет. Драмада көпчүлүк фольклордук чыгармалардагыдай окуя алдын ала белгилүү схема менен жүрбөйт, каармандар оң же терске ажырап акыр-аягына чейин турбайт, сюжет жана каармандар табигый түрдө өнүктүрүлүп, эволюциялык планда чечилет.

Кой фермадан башталган улуу жол. Улукмырза Полотов тууралуу 7 факты
Драматургдун театр искусствосун түшүнүү чеберчилиги. Пьесанын биринчи көшөгөсүнүн биринчи көрүнүшүндө Садыбакасов драматургиянын жанрдык мүмкүнчүлүгүн мыкты пайдаланып, сахна искусствосуна ылайык көрүүчүлөрдү өзүнө тартуу үчүн шарттуу-символикалык Ажалдын, Думананын, Дыйкандын, Белгисиз адамдын, Устанын үнүн, дагы башка үндөрдү колдонот. Чыгармага киришүү алдындагы бул сценка драманын табышмактуулугун, философиялык маанисин тереңдетүүдө, окуялардын багытын аныктоодо авторго чоң утуш алып келет. Ал үндөрдө Дыйкан "Дыйкан элем. Алыш чаап, аштык айдап жүргөндө өлтүрүштү" десе, Белгисиз адам "Ким экенимди өзүм да билбейм. Денем бөлөк көмүлгөн. Башым жоголгон" дейт. Ыйлаган балага карата "Бешигиңе таңылган боюнча ачкадан чарчадың" деген үн угулат. Ушулардын баарына Ажал мындай жооп берет: "Мен – ажалмын. Эй, адам! Сен кайда барсаң мен ошоякта. Мейлиң, эмеле дүйнөнү бүркүп коёсуңбу, кырыласыңбы?.. Баарына макулмун, кайылмын. Кылыч, мылтыкты мен жасаган жокмун, кыргынды мен ойлогон жокмун. Эй, адамдар, ажалды силер өзүңөр чакырасыңар. Мен бирден жаныңарды алчу элем, эми санатым жетпей баратат. Эй, күндүн көзү тунарат — кимиңердин каныңар, айдын бети тунарат — кимиңердин жаныңар?". Мына ушул драмалык пролог чыгарманын бүтүндөй тулку боюна күрөө тамыр сыяктуу кан берип турат. Адамдын адамдарга кол көтөргөн чыккынчылыгы, адамды адам өлтүрүү, бийлик талаш, байлык талаш, жер талаш, эл талаш — баары үчүн адамдар өздөрү күнөөлүү.

Ак боз ат талашка түшөт. Драмада жогорудагы киришүүгө улай авансценага калмак кантайшысы Чарын чыгат, ал жигиттери Шамур жана Мансурга каарын көрсөтүп, кыргыз кандыгы кандайча талкалангандыгы тууралуу маалымат сурайт. Максаты — басып кирген элдеги Шырдакбектин (айрым вариантта Жаныбек кан болуп калган) боз жоргосу. Ал Чарындын баасында "таңдагы шамдай жанган", "жебенин огу жетпеген" күлүк. Мына ушул күлүк же ак боз ат драманын бүткүл жүрүшүн кыймылга келтирип турат. Ошол ат талашка түшөт.

Айдын бурчун алты айланып... "Манастагы" жайма көкүл жаш Айдар тууралуу 8 факты
Шырдакбек кан. Драманын борбордук орунунда турган Шырдакбек кан салттуу кыргыз баатырларына окшобойт. Эгер фольклордук мурастарда аттар мифологиялык жандык деңгээлине көтөрүлүп, алар баатыр ээси менен бирге бүтүн образды түзүп турса, бул драмадагы Ак боз аттын ээси Шырдакбек ички дүйнөсү жарды, коркок, душманга каршы чыга албайт, андыктан ал ошол атты минүүгө да татыксыз. Ошон үчүн да чыгармада башкы каарман катары Шырдакбектин орду жок. Адегендеги Шырдакбек кан душман басып кирсе да кенебес, Эрке-Айым менен жыргап күн өткөргөндү, ичип-жегенди баарынан артык көрөт, керек болсо ал жерин да, элин да сатууга барат. Бирок ал жакшы көргөн зайыбы Эрке-Айым менен Ак боз ат душман колуна өткөндө ойгонот, мекенчилдик сезимдери козголуп, согушууга барат.

Эрке-Айым. Кыргыз элиндеги чыккынчылыктын, күйөөсүнө кыянатчылык кылуучулуктун нагыз үлгүсү - ушул образ. Эрке-Айым кан ордодо шапар тээп, эркек бала төрөштөн качып, күндө көргөн күнү күлпөт, оюн-тамаша болот, ал текебер, ырыс тебер, ошонусунан бешикти тээп жыгат, мен гана сулуу болсом дейт. Кылган иши Шырдакбекке эркелөө, аны кызгануу. Акыры ал душмандын бал сөзүнө алданып, ошондой бейиш жашоону чанып, Ак боз аттын алардын колуна өтүшүнө шарт түзүп берет. Өзү Чарынга барганда ал күйөөсүнө жакшылык кылбаган аял ушундай болот деп чачын алдырып, уй саадырып коёт. Ошондо бул аял эркелеп жүргөнүн да, Ата Журтунун, куттуу очогунун баа-баркын да түшүнөт. Анан жунгар баскынчыларына, алардын башчысы арам ойлуу Чарынга каршы күрөшкө көтөрүлүп, каяша айта баштайт. Драматург эл арасындагы уламыштарга караганда бул драмасында Эрке-Айымдын образын бир кыйла тереңдеткен, аны ички психологиясы, көз карашы карама-каршылыктуу аялзаты катары көрсөткөн.

Драмадагы негизги каарман — эл. Канына да, анын аялына да ишенбеген кыргыз калкы чет элдик баскынчыларга өзү кол курап каршы көтөрүлөт. Ошол карапайым калктын өкүлдөрү көптү көргөн даанышман карыя Малике аяр, эссиз канды төрөп, тарбиялап, бирок ошонусуна өкүнүп калган эне, алтын таяк Зулайка, бардык кыйын учурда пайда боло калган Думана, эл башына оор күн түшкөндө кандан алыстап, элге кошулган Шырдакбектин жигиттери Кулан, Сулайман, Жанкозу. Ошондуктан да тарыхтагы элдин ролу бул драмага жакшы сиңдирилген.

12 жашынан филармонияда иштеп... Калый Молдобасанов жөнүндө 7 факты
Адам суктанарлык бай тили. Шатман Садыбакасов "Ак боз ат" драмасында элдик бай тилдин булактарын эң мыкты пайдаланат, өзү да жаңы синтаксистик курулмалар менен фразеологиялык түрмөктөрдү ойлоп табат. Мындай мисалдарды окуп көрөлү: "Эл жалбырак жамынып, тери чайнап, итке минип калды", "Иттериңди багып өлтүргөнүнөн, арстанды чалып өлтүргөн абзел", "Башым сабагында калтылдап араң турат", "Этегиңди ок чийбей, башыңа найза тийбей", "Көптүн көзүнө топурак чачтың", "Жарты башты бүтүн кылган, жалгыз башты түтүн кылган", "Тескегени жок тентек эл, башкарганы жок башаламан эл", "Өлүү башка чөп үйүлөт, тирүү башка мал үйүлөт" ж.б.

"Ак боз ат" китеп болуп да чыккан. Фрунзе шаарындагы "Адабият" басмасы 1989-жылы "Керме-Тоо" ("Тайлак баатыр"), "Уят эмеспи" деген драмаларына үч интермедиясын кошуп 2000 нускада китеп кылып чыгарган. Ага ушул драма да кирген.

Драма кайрадан сахнага коюлду. 2013-жылы 11-апрелде Шатман Садыбакасовдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына карата Токтоболот Абумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Замир Сооронбаевдин режиссёрлугунда "Ак боз ат" драмасы мурда кыскартылып кеткен жерлери толукталып, кайра коюлду. Көрүүчүлөр кызыгуу менен эстетикалык рахат алып, азыркы муундун да мекенчилдик сезимдерин козгоого таасир этти.