Салянова: Сегизбаев инимдин өлүмүн уюштургандарды колдонуп жүргөн

Салянова Сегизбаевге көп суроолор болорун, бирок күбөлөрдү сурап бүтө албай жаткандыктарынан улам УКМКнын мурдагы башчысына собол узатууга жетпей жатышкандыгын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Экс-башкы прокурор Аида Салянова ага кылмыш ишин ачууда УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев инисинин өлүмүн уюштурган кишини колдонуп жүргөн деген пикирин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда процесске келген учурунда айтты.

Аталган сотто Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш каралмак.

"Сегизбаевди суроо боюнча ходатайство беребиз, анткени бул ишке чейин мени каралоодо инимдин өлүмүн уюштурган адамды колдонуп жүргөн. Суроолорумду берип, чындыкка жетишим керек. Себеби колдонгондугун даана билем. Кылмыш иши бар. Мага "Белизгейт" иши козголуп, Елиесеев ишин фабрикация кылып жатканда дагы менин үстүмдөн бир нече иш козгогонго аракет кылган. А бирок такыр окшобой коюп, аягына жеткен эмес... Инимди өлтүрүүнү уюштурган Абыкулов аттуу киши Москвадан экстрадицияланган. Ошол адамды жана үй-бүлөсүн колдонуп жүргөн", — деди Салянова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ал Сегизбаевге көп суроолор болорун, бирок күбөлөрдү сурап бүтө албай жаткандыктарынан улам УКМКнын мурдагы башчысына собол узатууга жетишпей жатышкандыгын кошумчалады.

Кармалган шектүү Улан Саляновдун кандайча атылганын айтып берди
Эске салсак, Улан Салянов Көк-Жар айылындагы өз үйүндө 6-ноябрда киши колдуу болгон. Бир нече киши анын үйүнө кирип барып ок чыгарган. Тергөөнүн маалыматында, маркум алгач ур-тепкиге алынып, андан соң өлтүрүлгөнү айтылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү эки адам — 33 жаштагы Эрмек Осмонкулов жана 31 жаштагы Заур Насруллаев кармалып, үчүнчүсү издөөгө алынган. Ал эми 2019-жылдын 23-майында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү Москвага барышкан. Колго түшкөн 36 жаштагы Асанэмир Абыкулов атайын конвой менен Бишкекке алып келинип, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал алдамчылыкка жана адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Киши 2018-жылдын январь айында Москвадан кармалган.

Sputnik Кыргызстан Абдил Сегизбаев менен байланышууга аракет кылып, бирок жооп ала алган жок.