Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

2018-жылы май айында Швед академиясы адабият боюнча Нобель сыйлыгын тапшырууну кийинки жылга калтырган. Буга сексуалдык асылуу боюнча жаңжалдан улам академиядан бир нече киши чыгып кеткени себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Адабият боюнча Нобель сыйлыгы 2018 жана 2019-жылдагы ээлерине ыйгарылды. Бул тууралуу академиянын Twitter баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык, Ольга Токарчук (2018) менен Петер Хандке (2019) жогорку даражалуу сыйлыкка ээ болду.

Жалган менен өмүрүбүз чырмалды! Эгемберди Эрматовдун нускасы
2018-жылы май айында Швед академиясы адабият боюнча Нобель сыйлыгын тапшырууну кийинки жылга калтырган. Буга сексуалдык асылуу боюнча жаңжалдан улам академиядан бир нече киши чыгып кеткени себеп болгон.  Анда 18 аял Швед академиясы тарабынан каржыланган долбоорлордун бирин жетектеген белгилүү маданий ишмер Жан-Клод Арно аларга асылганын айтып чыгышкан.

Сыйлыкты тапшыруу 10-декабрда Стокгольмдо өтөт. Сыйлык ээлеринин ар бирине тогуз миллион швед крону (900 миңден ашык доллар) берилет.