Андрей Малаховдун Кыргызстандын элчилигине келген себеби айтылды

Социалдык тармактын колдонуучулары сынга алган россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов кечээ, 10-октябрда, Кыргызстандын элчилигине келген.
Sputnik

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясы (ВГТРК) менен Кыргызстандын ЖМКлары кызматташып тажрыйба алмашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Кечээ, 10-октябрь күнү, россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов менен Бүткүл россиялык мамлекеттик теле жана радио берүү компаниясынын эл аралык мамилелер дирекциясынын башчысы Петр Федоров Кыргызстандын элчилигине келишкен. Алар элчи Аликбек Жекшенкулов менен кызматташуу маселесин талкуулашканы айтылган.

Кечирип койгула! Малахов кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады. Видео
Элчилик дагы ВГТРК менен Кыргызстандын ЖМКларынын кызматташуусу тууралуу сөз болгонун ырастады. Москвада иштеген кыргызстандык Тимур Саралаев Малахов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, теле алып баруучу өткөндөгү окуя ага чоң сабак болгонун моюндаганын жазган.

Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов "Россия 1" телеканалындагы "Прямой эфир" берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун мотоциклчен уулу кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.

Эфир учурунда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү маркумдун энесине көңүл айтып, кечирим сурашкан. Бирок берүүгө чакырылгандар менен теле алып баруучу бул жерде баары буюртма аркылуу жасалышы мүмкүн деген оюн таңуулашкан.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Малаховдун айткандары боюнча билдирүү тараткан.

Кыргызстандык интернет колдонуучулар болсо Малаховдон кечирим суроону талап кылышкан. Малахов бир канча күндөн кийин кайрылуу жасап, андан кийин кечирим сураган.