1-январдан тарта автоунаанын бажы төлөмү кескин көбөйөт. Бийлик эмне чара көрүүдө

Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагына кирген транспорт каражатынын бажы төлөмү көбөйө турганын эскертти. Баа 11 эсеге жогорулашы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Белгилей кетсек, июлда Экономика министрлиги жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн 5 жылга узартуу боюнча долбоор иштеп чыккан.

Унаа чындап эле кымбаттайбы? Бажы боюнча жаңы эрежелер иштей баштайт
9-октябрь күнү Мамлекеттик бажы кызматы быйыл ал мөөнөт аяктай турганын эске салды. Маалыматта бажы төлөмү 11 эсеге жогорулашы ыктымал экени айтылат.

"Жумушчу топ маселени талкуулап жатат, анын ичинде аталган мөөнөттү дагы үч жылга чейин узартуу да бар. Тобокелдиктер көп. Казакстандык жана россиялык автоөндүрүшчүлөр бар, демек, ЕАЭБде чыккан продукциянын гана сатылышына кызыкдар тараптар болот. Биз демилгебизди алдыга жылдыра беребиз", — деди Муканбетов.

Министр кыргыз тараптын сунушу Евразия экономикалык комиссияга киргизиле электигин белгиледи.

"Азырынча убакыт бар, демилгебизди айтар убактыбыз белгисиз. Чечим өкмөттүн деңгээлинде кабыл алынат", — деди Муканбетов.

Ал эми "бажы төлөмү 1-январдан тарта көтөрүлөрү аныкпы?деген суроого министр "эч нерсе кылбай отура берсек жаңы тариф күчүнө кирет" деп жооп берди. Ал эми өкмөттүн аракеттери тууралуу айтып жатып, министрлер кабинети бул маселени чечүүгө кызыкдар экенин белгиледи.