Тесттен кулаган автобус айдоочулары жүргүнчү ташый албайт

Айдоочулар жол эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырат. Андан өтпөй калгандар ишке алынбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөөнү күчөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Автобустун алдында калган баланын өлүмү. Милиция каргашанын чоо-жайын айтты
Ага ылайык, 9-октябрдан 11-октябрга чейин Бишкектин жүргүнчү автотранспорту мекемеси айдоочуларга атайын инструктаж өтөт. Аны окуган айдоочулар жол кыймылы эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча тест тапшырат. Андан өтпөй калгандар ишке алынбайт.

Бирок автобазанын тажрыйбалуу кызматкерлеринин ар бирине кетирген каталарын жоюуга жана ишин жакшы өздөштүрүүгө убакыт берилет.