Бүгүн Бишкектеги кайсы көчөлөр жабылат? Футбол оюнун утурлай

2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн саат 20.30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы бир катар көчөлөр Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынын боло турган беттешинен улам жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн саат 20.30да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Саат 18:00дөн оюн аяктаганга чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Исановдон Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Кыргызстандын футболчулары мьянмалыктарды ута алабы? Букмекерлердин божомолу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургандарын мындай ыңгайсыздыкка түшүнүү менен кароону өтүндү.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым. https://sputnik.kg/sport/20190905/1045628099/kyrgyzstan-tazhikstan-futbol.html