Балык, икра сатып алууда эмнеге көңүл буруу керек?

Биринчи кезекте муздаткычтагы жылуулукка көңүл буруу кажет. Тоңдурулган балык азыктары -18 градус температурада сакталышы керек болсо, ал эми икрага -4...-6 градус туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Балык жана икра сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керек экендигин "Известия" басылмасы Россиянын сапат системасына (Роскачество — ред.) шилтеме берүү менен жазды. 

Бишкектеги дүкөндөрдү кыдырган россиялык эксперт нааразы болду
Маалыматка ылайык, биринчи кезекте муздаткычтагы жылуулукка көңүл буруу кажет. Тоңдурулган балык азыктары -18 градус температурада сакталышы керек болсо, икрага -4...-6 градус туура келет.

Ошондой эле банкадагы икранын оозу көөп кетпеши керек. Анын сакталуу мөөнөтү дагы көрсөтүлүшү шарт. Герметикалык сыйымдуулуктагы икра бир жылдай, балык үч жылдан 10 жылга чейин сакталышы мүмкүн.

Андан тышкары, балыктын тышкы көрүнүшүнө көңүл бурган оң. Сыртына тоңгон муз башынан куйругуна чейин бирдей болушу керек. Эгер балыктын көзү тунарып турса, куйругу, сүзгүчтөрү сынса, аны кайра тоңдурушкан деп эсептесе болот.