Режиссердун кол тамгасы үчүн кезек күткөндөр. "Жөө күлүктүн" тушоосу Пусанда кесилди

Режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Жөө күлүк" фильминин дүйнөлүк премьерасы болду. Бул туурасында картинанын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, билеттер 7-октябрда эле сатылып кеткен. Фильм корей жана англис тилиндеги субтитрлер менен көрөрмандарга тартууланган.

"Фильм көрсөтүлүп жатканда көрүүчүлөр каармандардын тагдырына кызыгып, кошо жашагандай болуп көз салып отурушту. Аягында эл туруп кол чаап, андан соң режиссер менен суроо-жооптор башталды", — деп жазды Койчуманова.

Көрүүчүлөрдү сценарийдин тарыхы, кыргыздын салты, тушоо кесүү, режиссердун актер балдар менен кантип иштегени, жаныбарлардын кантип тартылганы кызыктырган. Кино сүйүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө балдардын ролду ойногону, алардын ичинен башкы каарман Темирлан Асанкадыровдун чеберчилиги бурган.

"Фильм элге жагып, көкүрөгүндө кандайдыр бир сезимдерди ойготкондуктан, суроолор абдан көп болуп, берилген убакыттан да ашып кетти. Эшиктин алдында тасманын режиссеру Мирлан Абдыкалыковдон кол тамга алуу үчүн узун кезек пайда болду. Алар фильмдин жаратуучусу менен сүрөткө да түшүп жатышты", — деп билдирди продюсер.

Пусандагы эл аралык кинофестивалда "Жөө күлүк" дагы эки ирет көрсөтүлөт. Анын биринде эл аралык деңгээлдеги калыстар отурат. Ал эми бул картина Кыргызстанда прокатка 17-октябрда чыгат.

Режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

"Сүтак" менен эл оозуна алынган Мирлан Абдыкалыков жаңы тасма тартты
Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.

Тасманын сценарийин Мирлан Абдыкалыков жана Эрнест Абдыжапаров жазган, коюучу оператору Талант Акынбеков, сүрөтчүсү Адис Сейталиев, продюсерлери Алтынай Койчуманова, Айбек Жангазиев экени айтылат.

Ал эми фильмде Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Мээрим Атантаева, Илимбек Калмуратов, Улан Өмүралиев, Айнура Качкынбек кызы жана Жеңиш Кангелдиевдер роль жараткан.