БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Улуу ойчул Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" дастанынын 950 жылдыгы белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Натыйжада 950 жыл мурун жазылган "Кут алчу билим" чыгармасынын мааракесин утурлай Бишкек шаарында декабрь айларында Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте эл аралык илимий-теориялык конференция өткөрүү мерчемделди.
Министр Жаманкулов Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.
"Түрк академиясы эл аралык уюм катары бардык иш-чараларга активдүү катышып, өз салымын кошууда жана алдыда Кыргызстанда өтө турган бардык эл аралык иш-чараларга дагы өз салымын кошот", — деп белгиледи Дархан Кадыралы.
Жолугушуунун жыйынтыгында кийинки жылдары Маданият министрлиги менен Эл аралык Түрк академиясы биргеликте эки тараптуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү тууралуу талкуу жүргүзүштү.