Кыргызстандыктар асмандан жылдыздардын жабыла учканын көрө алабы?

Окумуштуулар метеорит Жердин атмосферасына чейин жетерин айтышууда. Буга чейин астрономдор маалыматтын жетишсиздигинен улам анын активдүүлүгүн баалай албай келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. 9-октябрга караган түнү Драконид метеорити өзүнүн жогорку чегине жетет. Бул тууралуу Москва планетарийинен кабарлашты.

Буга чейин астрономдор маалыматтын жетишсиздигинен улам анын активдүүлүгүн баалай албай келишкен. Бирок астроном Александр Якушечкин метеорит кайсы учурда жерге абдан жакын келерин жана жерден көрүнөрүн РИА Новости агенттигине айтып берген.

Жерге күн сайын космостон 100 тонна таштанды түшөт. Иликтөө
Жылдыз жааган түндү Бишкек убактысы боюнча 9-октябрда саат 3:30дан тарта көрсө болот. Аны жакшылап көрүү үчүн шаар четине чыгуу зарылдыгы жаралса, ал эми айылдардан даана көрүнөт.

Учкан жылдыздар — планеталар арасындагы анча чоң эмес бөлүкчөлөр, булардын көлөмү кумдан тарта буурчакка чейин болот. Алар жердин атмосферасына кирип секундасына 20 чакырым ылдамдыкта учуп, тез эле күйүп кетишет. Бул алыстан караганда абдан кооз көрүнөт.

Бирок Бишкекте "жааган жылдыздарды" көрүү бир аз кыйынга турушу ыктымал. Себеби Кыргызгидромет 9-октябрдын түнүндө жамгыр жаай турганын билдирген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.