Владимир Путин 67 жашта. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

Россия лидери 1952-жылы 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында туулган. Жээнбеков ага бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билгендигиңиз, масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп-өсүүсүнө багытталгандыгы Россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкты", — деп айтылат куттуктоодо.

Ушуну менен токтоп калбайбыз! Жээнбеков мугалимдерди куттуктады
Ошондой эле Жээнбеков эки өлкөнүн көп кылымдык достугу мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына ишенерин айтты. Куттуктоосунун аягында ал Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Россия лидери 1952-жылы 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында туулган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.