БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Сүлүктү шаарында "Абдукахар кен" шахтасында газга ууланган бир туугандарды куткаруу операциясынын сүрөттөрү пайда болду.
Сүлүктү: шахтада каза болгон бир туугандарды кантип куткарышкан. Сүрөттөр
© Фото / Зульфия Тургунова
Эскерте кетсек, кырсык 5-октябрь күнү болгон. ӨКМдин маалыматы боюнча, көмүр казып жаткандар 44, 42 жана 40 жаштагы бир туугандар экен. Жерине алты куткаруучу барып, шахтадан алып чыгып медиктерге өткөрүп берген. Бир туугандар шаардык ооруканада каза болушкан.
Сүлүктү: шахтада каза болгон бир туугандарды кантип куткарышкан. Сүрөттөр
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Белгилей кетсек, 6-октябрь күнү ушундай эле кырсык катталды. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн "Боз" тилкесинде жайгашкан шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып дагы үч киши каза болду. ӨКМ куткаруучулары маркумдардын сөөгүн 45 метр тереңдиктен алып чыкканын айтты.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.